Замир Жоошев: «Атамбаев толук кандуу медициналык жардамга муктаж»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев толук кандуу медициналык жардамга муктаж. Аны №47 түзөтүү абагынан ала албайт. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Ал 1-апрелде Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгери болжолдуу диагноз койгонун эске салды. Анда Атамбаевдин жүрөк оорусу козголуп, инфаркт алдындагы абалда экени айтылган. Жактоочу андан бери эч нерсе өзгөрбөгөнүн айтты.

Атамбаев 2019-жылы 8-августта кармалган. 2020-жылдын 6-октябрына чейин УКМКнын абагында болчу. 6-октябрга караган түнү камактан бошотулган. Бирок 10-октябрда кайра кармалган.