Кыргызстандын муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды

Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Аалымдар кеңешинин катчысы тастыктады.

Ракиев Замир Шейшенбекович 1978-жылы 15-февралда Нарындын Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында туулган. 3 баланын атасы. Ал Бишкектеги медреседе, Египетте, Ислам институтунда жана Каирдеги Ислам университетинде окуу курстарында билим алган. БГУнун магистратурасын чыгыш таануу боюнча адистигин аяктаган. Аламүдүн районундагы медресенин мугалими жана мүдүрү, Нарын облусунун казысы, Кыргызстан муфтийинин орун басары болуп иштеген. Ошондой эле, ал өткөн жылдын 10-августунда Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган.