Зардалыга кете турчу жалгыз жол кеңейтилди

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Жумуштар “Кыргыз авто жол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылды. Жерине тартылган атайын техникалар жана жолчулар жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турчу тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерде кеңейтүү иштерин жүргүзүштү.

Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.