“Зордукталып, төрөдүм” деген 15 жашар эне: «Башыма алтын куйсаңар да, баламды бербейм»

29-июнь күнү SUPERTV телеканалы 15 жашар өспүрүмдүн тагдырын көрсөткөн. Анда ал “ТикТок социалдык түйүнү аркылуу таанышкан жигит зордуктап, андан балалуу болдум” деген эле. Видеоматериалда өспүрүмдүн атын Самара деп атаганбыз. Жүзүн көрсөткөн эмес.

Арадан 2 жума өтүп, жаш эне бизди кайрадан үйүнө чакырды. Ал бул ирет жүзүн көрсөтүп, өз атын айтууну чечти. Ал бүгүнкү күндөгү акыбалын жана кыял-максатарын айтып берди.

«Мен буга чейин туугандардан, курбуларымдан, кошуналарымдан уялып бетимди ачыктаган эмесмин. SUPERTV телеканалына чыккандан кийин жардам бергендер, балама керектүүлөрдү алып келгендер болду. Жакшы жардам беришти, ырахмат. Мурда апам экөөбүз бат-бат уруша берчүбүз. Азыр апам жардамдашып жатат. Силерге чыккандан кийин чалып, «балаңды бер, үй берем, акча берем» дегендер болду. Башыма алтын куйсаңар да баламды бербейм. Силерден сураныч, чалбаңыздар. Баламды тилемчилик кылсам да, өзүм чоңойтом»,- деди ал.