Зордукталып, уул төрөгөн 14 жаштагы кыз: «Апасы каякта жүрөт?» деп жатышат. Апам жок, аны тааныбайм»

Биздин редакцияга 13 жаштагы небереси зордукталып, уул төрөгөнүн айткан жаран кайрылды. Каарманыбыз небересин ТикТок социалдык тармагы аркылуу таанышкан жаран чакырып зордуктаганын айтат. Ал эми бул окуяда жабыркаган кыз бүгүнкү күнү бир уулдун энеси, жашы 14тө. Биз кыздын өз оозунан окуяны уктук.

«Апасы каякта жүрөт?» деп жатышат. Апам жок. Аны тааныбайм, тааныгым да келбейт. Уулумдун атасы баланы көрүү үчүн келген жок. Курбуларым балам менен жүргөнүмдү көрүшөт унчугушпайт. Буюрса, колледжге тапшырып, өз кыялдарымды орундатам», — дейт ыйлаган кыз.