№1 төрөтканада каза болгон келин. «Кызым врачтардын шалаакылыгынан каза болду» дейт энеси

5-июнь күнү Бишкектеги №1 төрөтканада 35 жаштагы Айгерим Баракбаева төрөттөн каза болгон. Анын жакындары маркум дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болду дешет.

«Кызым 4-июнь күнү төрөтканага барып, видео байланыш менен сүйлөшкөнбүз. «Апа, врачтар эртең төрөп каласың деп жатышат. Эртең сүйүнчүнү күтүңүздөр» деп айткан болчу. Төрөтканага жакшынакай болуп барган. Эртеси күнү түшкү саат 2лерде кудагыйдын номеринен врач чалып, мени келе калыңыз деп айтты. Тез эле жетип бардым. Барсам 5-6 дарыгер туруптур. Кызымды жакшы эле төрөтүп алышыптыр. Андан кийин тону түшпөй, өйдөгө карай жылып, өпкө, жүрөккө чаап кетти деп айтышты. Кандай болду десем, өздөрү да билишпейт. Врачтардын шалаакылыгынан менин чырактай болгон кызым каза болду. Кызым бул кызын көптөн бери күтүп жүргөн. Азыр эки неберемди кучактап, Айгеримим жок сыздап калдым. 

Окуя болгонуна 10 күндөн ашты, бир киши басып келген жок. Справкасына «анемия» деп жазып коюшуптур. Кызым ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болгон. Каны нормада болчу», — дет сыздаган эне.