№27 колонияда атынып каза болду делген жоокердин агасы: «Иним менен 3 күн мурун сүйлөшкөн элем…»

Бүгүн, 29-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27- түзөтүү мекемесинде жоокер атынып каза болгонун Жазаларды аткаруу кызматы маалымдаган. Маркум жоокердин агасы акыркы 3 күн мурун иниси менен байланышып сүйлөшкөнүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

-Биз Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу айыл өкмөтүнөн болобуз. Иним 2003-жылы туулган, апрель айында кызмат өтөөгө келген болчу. Мен 3 күн мурун сүйлөшкөм. Экөөбүз жакшы маанайда баарлашканбыз, сөздөрүнөн шектүү эч нерсени байкаган эмесмин. Азыр биз окуя болгон жерде жүрөбүз. Инимди көрө элекмин, окуя кандай болгонун да тактап сурай алган жокмун. Анын атынып алды делген жерин көрсөтүштү. Айланада эч кандай камера жок экен. Бир аздан кийин №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканага экспертизага барабыз. Ал жактан сөөктү алып, кечке жуук Ысык-Көлгө алып кетебиз», — дейт агасы.