26-апрель күнү милицияга Токтогул шаарынын 44 жаштагы тургундары А.К. жана Я.К. арыз менен кайрылышып, анда Токтогул шаарынан өткөн Бишкек-Ош автоунаа жолунун жээгинде жайгашкан “Нур” мечитинин ичинде намаз окуп жаткан учурда курткасынын чөнтөгүнөн баасы 25 миӊ сомдук уюлдук телефонун жана 4 миӊ сом акчасын, терезеде турган Редми 13С үлгүсүндөгү 11 миң сомдук уюлдук телефонун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткенин билдирип, кылмышкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.
Натыйжада арыз ээлерине жалпы 40 миӊ сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча арыздар катталып, уурулук беренесинин негизинде Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, бул кылмыштардын бетин ачуу максатында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 2003-жылы туулган тургуну Т. у К. жана анын кылмыштуу шериги Чүй облусунун 16 жаштагы тургуну Т.Д. кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 11-май күнү тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Токтогул райондук сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда бул шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, тергөө амалдары улантылып жатат.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...