ЖАК: «Бүгүн №27 түзөтүү мекемесинде жоокер атынып каза болду»

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27- түзөтүү мекемесинде жоокер каза болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан маалымдашты.

29-июль күнү эртең менен саат 08:30дар чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27- түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жараатынан ошол жерден каза болгон.
Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө», — деп жазылат маалыматта.