«1 айда кутулам деп 38 миң долларлык унаасын айдап кеткен». Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран 1 жылдан кийин кармалды

Бишкекте бир жылдан ашуун убакыт мурун алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

 

«2021-жылдын 11-май күнү нөөмөт бөлүмүнө А.Т. аттуу жаран кайрылып, Д. аттуу чала таанышы 2021-жылы 7-мартта акчасын 1 айдын ичинде берем деп ишенимине кирип 38 миң долларлык Mercеdes-Benz S-500 үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткенин айткан. Кийинчерээк шектүү унааны башка адамга сатып, дайынын таптырбай койгон. Аталган факты электрондук китепчеге катталып, алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгында 27-июль күнү алдамчылыкка шектелген 1959-жылы туулган М.Д. кармалып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүнүн окшош кылмыштарга катыштыгы бар-жогу такталууда», — деп билдирет басма сөз кызматы.