14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу төмөнкүлөрдү аныктаган: 1987-жылы туулган А.Т. аттуу жаран «Hyundai Robex 140W» үлгүсүндөгү экскаваторду башкарып, Колесникова көчөсү менен түштүктөн түндүк багытында бара жатып, жолдун четинде турган Сосновка айылынын 2021-жылы туулган жашы жете элек тургуну А.С.ны сүзүп кеткен. Натыйжада, жашы жете элек А.С. өмүргө кооптуу жаракаттарды алып, окуя болгон жерде каза болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автоунаа каражаттарын пайдаланууда жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Айдоочу А.Т. Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бардык зарыл болгон соттук экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.