«1-класстын окуучусу зордукталды» деген видеонун тарашы. Баланын таякеси эмне дейт?

Социалдык тармактарда «1-класста окуган баланы 5,8 жана 9-класста окуган окуучулар зордуктап жүргөн» деген видео тараган. Бул боюнча Бишкек ШИИБге кайрылганыбызда, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2009-жылы туулган өспүрүм Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

«Мындан тышкары, кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүрүп жатат жана жетекчилик жеке көзөмөлүнө алды»,- деп айтылган маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги баланын абалын билүү үчүн таякеси менен байланыштык. «Бала азыр жакшы. Апасы менен меникинде. Окуяны тарап кеткен видео аркылуу билдим. Мага анонимдүү видео келгенинен билип калдым, болбосо эч ким билмек эмес. «Ата-энеңе айтсаң, аларды өлтүрөбүз» деп коркутушкан. Азыр мага экспертизанын так маалыматы келе элек. Кечээ апасына «эч нерсе болбоптур» деп айтканынан улам ишенбөөчүлүк көрсөтүп, видео тарткам. «Кантип 5 жолу болуп жатса, силер таза деп берип жатасыңар» деп нааразы болгом»,— деди ал.