Социалдык тармактарда «1-класста окуган баланы 5,8 жана 9-класста окуган окуучулар зордуктап жүргөн» деген видео тараган.
Видеонун авторунун айтымында, ага анонимдүү кишилер тарабынан ыдык көрсөтүлгөн видео барган. Маалыматка караганда, мындай иш 5 жолу кайталанган.
Бул боюнча Бишкек ШИИБге кайрылганыбызда, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2009-жылы туулган өспүрүм Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
«Мындан тышкары, кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүрүп жатат жана жетекчилик жеке көзөмөлүнө алды»,- деп айтылат маалыматта.