Abank
SerepTV Logo

1-майдан 10-майга чейин өлкө аймагында 33 миңдей жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

1-майдан 10-майга чейин өлкө аймагында 33 миңдей жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 1-майдан 10-майга чейин өлкө аймагында, алдын ала маалымат боюнча, 32 972 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Алардын ичинен:
* Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 4 821;
* Мас абалында транспорт каражатын башкаруу — 436;
* Автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 375;
* Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 834;
* Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 880;
* Автоээнбаштык — 79;
* Белгиленген ылдамдыкты ашыруу — 3 025;
* Жалган мамлекеттик каттоо номерлери менен унаа башкаруу — 26;
* Карама-каршы тилкеге чыгуу — 1 556;
* Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 496.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 5 444 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.