Abank_nov
SerepTV Logo

Үлпөт тойдо жашы жете элек баланы тепкен өспүрүм аныкталып, жоопкерчиликке тартылды

Үлпөт тойдо жашы жете элек баланы тепкен өспүрүм аныкталып, жоопкерчиликке тартылды
 
Социалдык тармактарда үлпөт той учурунда өспүрүмдүн жашы жете элек баланы көкүрөк тушка тепкен видеосу тараган. Аталган видео коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын көзөмөлүнө алынган. Бул факты 25-ноябрда Сокулук РИИБде катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары такталып, жабыркаган жашы жете элек бала, анын ата-энеси жана баланы тепкен жаран аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен баланы тепкен 17 жаштагы Н.Н. аттуу жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, материалдар райондук сотко жөнөтүлгөн. Райондук соттун чечими менен өспүрүмгө айып пул салынды.
SEREP MEDIA