10 айда бюджетке жол эрежесин бузганы үчүн 84 миллион сомдон ашык айып өндүрүлгөн

Милициянын кайгуул кызматында ушул жылдын 10 айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 10 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 24 миң 2841 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 84 миллион 214 миң 252 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен:

— Унаага тийиштүү документтери жок айдоо — 2708;

— Мас абалында авто унаа башкаруу — 2577;

— Ээнбаштык — 56;

— Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо — 561;

— Жөө жүргүнчүлөр жана велосипеддер катышкан эреже бузуулар — 4372;

— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 232 567;

— Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 19 миң 773 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.