«10 бодо малды алып, из жашырган». Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунун милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 30 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ушул жылдын март айында алдоо жолу менен ишенимге кирип, андан жалпы баасы 500 миң сомдук 10 бодо малын алып, дайынсыз жоголгонгон жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кийин Сокулук райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртынан тандалып алынып, ал издөөгө жарыяланган.

Чүй облусунун Криминалдык милиция кызматкерлери жана Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 32 жаштагы жаран кармалып тергөөгө өткөрүлгөн. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу 4 фактыга тиешеси бар экенин текшерип, тергөө иштери жүрүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.