«10 килограмм Ооган тектүү гашиш табылган». Эл аралык баңги тобунун мүчөсү кармалды

Эл аралык баңги топтордун биринин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан Кыргызстандын эки жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 килограмм Ооган тектүү гашиш баңгизаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңгизатын Талас облусунун Казакстан Республикасы менен чектеш аймагынан Казакстан Республикасынын жараны, Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-августта “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.