«10 күндүн ичинде 600 миң сом табасың». Ошто спортчулардан турган кылмыштуу топ аныкталды

Опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган кылмыштуу топ кармалды. 4-февралда Ош шаарынын аймагында алар жергиликтүү тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип белгисиз тарапка алып кеткен. Андан кийин темир балка менен сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.

Учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.