Бишкекте Октябрь РИИБинин эки кызматкери акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, 24.kg жазып чыкты.
Маалыматта милиция кызматкерлери кылмыш ишин жаап коюу үчүн 100 миң сом талап кылышканы айтылат. Кармоо иштерин Финансы полициясы жүргүзгөн.
Мекеме операциянын жүрүшү тууралуу кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.