Бишкек шаардык соту 13 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталуусу боюнча эки шектүүнү күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
«13 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди сот күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу алар жазадан бошотулушту. Эки күнөөкөр өспүрүм кызга моралдык зыян келтиргени үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Сот жалпы 6 жыл жүрдү. Зордукталган кыздын ишин Сокулук райондук соту, Чүй облустук соту, Жогорку Сот жана Бишкек шаардык соту карады. Зордуктоо болгонун далилдеген соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы болгонуна карабай сот иштери узартылып келди. Муну мен күнөөкөрлөрдүн жоопкерчиликтен качуусу үчүн атайын жасалган кадам деп эсептейм», — дейт укук коргоочу.
12-июль күнү Бишкек шаардык сотунда 2 жыл бою айылдаштары тарабынан зордукталган 13 жашар майыптыгы бар кыздын иши каралган.