«13 үйгө ууруга киришкен». Нарында бир нече уурулукка шектелген 2 жаран кармалды

Милиция кызматкерлери ондон ашык уурулук фактыларына тиешеси бар делген жарандарды кармашты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден билдиришти.

Ушул жылдын 4-июнунан 6-июнга чейинки аралыкта үй ээсинин жоктугунан пайдаланып, белгисиз адамдар үйдөгү алтын жана күмүш зергер жасалгаларды, мындан тышкары башка мүлктөрүн уурдап кеткендигин билдирип Нарын шаарынын 1960-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ошондой эле, арызда болжол менен 70 миң сомдук материалдык чыгым келтирилгендигин көрсөткөн. Аталган факты РИИБге катталып, Жазык Кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (уурдоо) менен катталып, Нарын ШИИБи тарабынын сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 24 жаштагы, Ак-Талаа районунун 31 жаштагы тургуну кармалып, күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Мындан сырткары Нарын шаарынын аймагындагы 10 үйгө жана Кочкор районунун Кочкор айылындагы 3 үйгө уурулукка киргени аныкталган. Ак-Талаа районунун тургуну мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы маалым болду. Бул факты боюнча дагы башка кылмышка катыштыгы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.