Адам өлтүрүүгө шектүү катары издөөдө жүргөн жаран Ош аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
26-апрель күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аэропортунан Орусиядан учуп келген учурда Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну кармалып, тергөө кызматына өткөрүлгөн. Ал дээрлик 14 жыл Орусиянын аймагында жашаган жерин өзгөртүп, жашырынып жүргөн.
Шектүү 2010-жылдагы Оштогу июнь окуяларында, 2010-жылы 13-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун 1953-жылы туулган тургунун кылмыштуу шериктери (кылмыштуу шериктери кармалышкан) менен кармап алып, Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барышкан. Ал жерде шектүү бир нече ирет алып келген жаранды бычактап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, жансыз денени Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберген. Маркумдун жансыз денеси 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган. Абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда изин жашырып кеткен. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.