14-күн. Көлгө чөккөн 4 жаштагы кыздын атасы кайра элге кайрылды: «ӨКМдан үмүт жок, алар жетекчи болсо иштейт, болбосо «курорт» кылып алышат» (видео)

18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде желденме матраста сууга түшүп жатып сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы Аиша дагы деле табыла элек. Аишанын атасы Сабыр мырза буга чейин да коомчулукка кайрылып, кызын издөөгө жардам сураган.

Бүгүн кызымдын изделип жатканына 14 күн болду. Жаңы сууга чөккөн учурда ӨКМ кызматкерин чакырганда эки сааттан кийин келип, жээктен издешти. Арыраак жакты карабайсыңарбы, балким, толкун айдап кеткендир десем, ал ташка окшоп оор болуп калды да, жерге чөгүп кетти, кызыңызды таап беребиз деп ишендирип жатышты. 

ӨКМ кызматкерлери жетекчи болсо иштешет экен, болбосо «курорт» кылып алышат бул жакты. Биз аларга үмүт кылбай калдык. Журналисттер издөө иштери боюнча кайрылып, чуу кылышканда, толтура унаа менен тартуучу топ келди да, кино тарткандай сүрөткө тартып, өздөрүнө маалымат кылышты да акырындан кетип калышты.

Азыр бул жакта ыктыярчылар, туугандар издеп жатабыз. Бирок биз аз болуп жатабыз. Кимдин колунан келсе, бул жакка келип кызымды табышып бериңиздерчи. Бизге адамдар, ыктыярчылар керек болуп жатат» — деп кайрылды 14 күндөн бери кызын таба албай жаткан Сабыр мырза.

Байланыш номерлери: 0703 34 54 19 (Кенжегул), 0705 60 37 04 (Сабыр).