SerepTV Logo

147 миллион тенге... Казакстанга өтүп бара жаткан Кыргыз жараны кармалды

147 миллион тенге... Казакстанга өтүп бара жаткан Кыргыз жараны кармалды
“Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары тарабынан ири өлчөмдөгү акча каражаттын мамлекеттик чек арадан алынып чыгышына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. “Ак-Жол-автожол” өткөрүү жайына Казакстанга багыт алган 1994-жылы туулган Кыргыз жараны келген. Чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө бул жарандын рюкзагынан чет элдик валюта – болжол менен 147 миллион казак тенгеси табылган. Жаран валютаны коштоочу документтери жок алып өтүүгө аракет кылган. Кармалган жаран мындан аркы териштирүү иштери үчүн аймактык компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.
SEREP MEDIA