«15 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен». Ноокат шаарынын мэри жана шаардык кеңештин депутаты кармалды

УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жарандар Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жатышат. 2017-жылдан 2021-жылдын июнуна чейинки аралыкта Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары бюджетке 15 миллион 43 миң 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.

13-октябрда Ноокат шаарынын мэри жана мурдагы спикер — азыркы учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.