16-майдан бери дайынсыз болуп жаткан киши дарыядан изделип жатат

Нарын дарыясынан 51 жаштагы киши изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 24-майда ӨКМге Нарын шаарынын тургундары 51 жаштагы эркек кишини издөө суранычы менен кайрылышкан. Жакын туугандарынын айтымында, 16-май күнү ал үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайрылып барган эмес. Дайынсыз жоголгон адамдын туугандары министрликтин Нарын шаардык бөлүмүнө Нарын дарыясынан издеп берүү сунушу менен кайрылышкан. Дарыядан издөө үчүн 3 куткаруучу тартылган. Учурда издөө жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.