Кыз ала качып бара жаткан жигиттер «Сосновка» постунан кечээ, 2-ноябрда саат 22:00 чамасында кармалды. Алардын жолун Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын №5 взводунун инспекторлору тоскон.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Аламүдүн районунан 2 жаш жигит 2003-жылы туулган кызды болжол менен Талас облусу тарапка алып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. «Перехват» планы жарыяланып, «Сосновка» постундагы инспекторлор Лексус унаасын токтотушкан. Унаанын ичинде 3 жаш жигит жана жаш кыз болгон. Алар суракка алынып, анын жүрүшүндө кызды күч менен ала качып бара жатышканы белгилүү болгон. Алар андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Жайыл РИИБге жеткирилди.











