Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 27-июлунда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында аял кишиге чара көрүп берүүнү суранган. Анын айтымында, май айында Бишкектеги Сухэ-Батор көчөсүндө ишенимге кирип, алдоо жолу менен 18,5 миң долларлык Lexus ES250 унаасын ээлеп алган, акчасын кийинки күнү берүүнү убадалаган. Убадасын аткарбай, из жашырган. Факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 1981-жылы туулган аял киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.