19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту башталды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин үстүнөн сот иши башталды.

Сот айыпталуучунун өздүгүн тактады. Ырыс Жекшеналиев колледжди аяктаганын, учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти экенин айтты. «Мурда соттолгон эмесмин, жоопко тартылган да эмесмин», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө адвокат Кантемир Турдалиев видео жана сүрөткө тартуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды.

Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.