19 жаштагы кызды Жумгалга ала качып кеткен окуя боюнча милиция маалымат берди

Кечээ, 5-декабрда адвокат Камил Рузиев Чүй облусунун Кемин районунда 19 жаштагы кызды никеге туруу үчүн ала качып кетишкенин жазып чыккан. Бул тууралуу маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.

«3-январда Кемин РИИБге Кемин районунун 2001-жылы туулган тургуну кайрылып, анын 19 жаштагы сиңдисин Жумгал районунун Кызарт айылына ала качып кеткенин айтып, арыз жазган. Кыз Кызарт айылындагы туугандарыныкына Жаңы жыл тосуу үчүн кеткен. Ошол эле күнү арыз кабыл алынып, Кемин РИИБ кылмыш ишти Жумгал РИИБге өткөрүп берген», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Ал эми адвокат кыздын эжеси тосмо арыз жазып бергенин кошумчалады. Бирок жактоочу өзүнүн баракчасынан жазылган постту өчүрүп салган. Редакция ага байланышканыбызда, маалымат чындык экенин, жабырлануучу тараптын суранычы менен өчүрүлгөнүн айтты.