«2 адам каза болду». АКШда кыргызстандык катышкан жол кырсык тууралуу ТИМ маалымат берди

АКШда Кыргыз жараны катышкан жол кырсык тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат беришти. 

Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунан алынган маалыматка караганда, 28-апрелде Небраска штатында Кыргыз жараны айдап бара жаткан Dodge Ram үлгүсүндөгү унаа Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Santa Fe унаасынын бир жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болуп, калган төртөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Ооруканага түшкөндөн кийин дагы бир жүргүнчү каза болгон.

Dodge Ram унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү өмүрүнө коркунуч келбеген жаракаттар менен Нортон округунун ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан чыккандан кийин Dodge Ram унаасынын айдоочусу атайылап киши өлтүрүү беренеси менен камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.