Бүгүн, 23-ноябрда Баткенде жол кырсыгынан 8 киши каза болгону маалым болгон. Кырсык кечээ, 22-ноябрда Ош-Раззаков жолунда катталган. Мерседес-Спринтер унаасы менен Опель-Вектра унаасы кагылышып, кырсыктын кесепетинен 8 киши каза болду. 1 адам Баткен облустук биргелешкен ооруканасына түшкөн.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине каза болгондордун бешөө бир үй-бүлө мүчөлөрү экени маалым болду. 1988-жылы туулган Кызыл-Бел айылынын тургуну М.С. жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Каза болгондор:
- С.А. 1973-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну;
- С.А. 1977-жылы туулган. Бужум айылында туулган;
- Р.М. 1981-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну;
- К.З. Кара-Булак айылыныны тургуну;
- А.Д. 2019-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну;
- А.Б. 2019-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну;
- Р.М. 1989-жылы туулган. Кызыл-Бел айылынын тургуну.
Жерине барган куткаруучулар 5 адамдын жансыз денесин чыгарышкан. Ал эми үчөө ооруканада каза болгон.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы менен байланышканыбызда, каза болгондор 2 бир туугандар жана анын жубайы, балдары экени маалым болду.