Бүгүн, 27-май күнү саат 10:00 чамасында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жөө өтүүчү жерден бараткан 65 жаштагы жаранды белгисиз айдоочу автоунаасы менен сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткен. Жөө жүргүнчү Жайыл районунун аймактык ооруканасына жаткырылган. Ал эми кылмыштын изи сууй электе жол кырсыгына шектелген Ауди А-6 үлгүсүндөгү унаанын 20 жаштагы айдоочусу кармалып, автоунаасы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектелген айдоочу Жайыл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
iPhone 17 Pro Max уурдалган… Бишкекте чөнтөкчү кармалды
Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 30-январда саат 18:00 чамасында Чүй проспектиси менен...











