20 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен

Кара-Балта шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден бараткан жаранды белгисиз айдоочу сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Бүгүн, 27-май күнү саат 10:00 чамасында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жөө өтүүчү жерден бараткан 65 жаштагы жаранды белгисиз айдоочу автоунаасы менен сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткен. Жөө жүргүнчү Жайыл районунун аймактык ооруканасына жаткырылган. Ал эми кылмыштын изи сууй электе жол кырсыгына шектелген Ауди А-6 үлгүсүндөгү унаанын 20 жаштагы айдоочусу кармалып, автоунаасы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектелген айдоочу Жайыл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.