Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда 20 жылдык кечеден кийин өлтүрүлгөн келинге байланыштуу иш карала баштады. Маркум келиндин кылмышка шектүү күйөөсүнө «адам өлтүрүү», «куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
26-май күнү Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары жолдошу кармалган. Анын артында 5 баласы калды.











