УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.
11-октябрда Баткен-Ош унаа жолунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусиянын жараны Б.С.С. жана Кыргыз жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан жалпы салмагы 20 килограмм гашиш жана 10 килограмм апийим чийкиси табылып алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды.
Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...
9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана...
УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кечээ, 10-мартта 1980-жылы туулган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду. Тергөө...