20 миң доллар талап кылып, 5 миң долларын алып жатканда салыкчы кармалды

20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган кылмыштардын белгилери менен катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында 20 миң доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы менен атайын салык режимдери боюнча башкармалыгынын инспектору кармалды.

Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери ишкерлердин биринен салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутуу жолу аркылуу 20 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

19-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда, кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.