Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК улуттук коопсуздук органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыгына карата ар кандай чыккынчылардан, паракорлордон, мыйзам бузуучулардан жана коомчулуктун алдында атайын кызматтын кадыр-баркына шек келтирген жана орду толгус зыян келтирген башка элементтерден тазалоого багытталган ички иш-чаралардын жүрүшүндө Аскер прокуратурасы менен биргеликте УКМК кызматкери подполковникти кармады. Ал акчалай сыйлык менен маселени чарбакер субъекттин уюштуруучусунун пайдасына чечүүнү көздөгөн.
2025-жылдын февралында чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруучусу тергөө менен жеке маселесин чечүү үчүн УКМК кызматкери подполковникке 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын бергени аныкталган. Бирок УКМКнын жогоруда аталган кызматкери акча каражаттарын алуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасын минималдаштыруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткара алган эмес. Андан ары арыз ээси мурда берилген акча каражаттарын кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок кайтарып бере алган эмес.
Аталган факты боюнча, 12-июнда Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бардык жагдайлар такталган соң, подполковник дискредитацияга байланыштуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынан бошотулду.








