200 миң доллар опузалап алуу фактысы боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
23-ноябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси кармалды. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында ал 2 Кыргыз жараны менен кылмыштуу бүтүмгө барып, материалдык пайда алуу максатында, рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады деген арыз менен УКМК төрагасына көмүр казуучу ишкананын башкы директоруна карата чара көрүү жөнүндө кайрылышканы аныкталган.
Үчөө сүйлөшүп алып, кызмат абалынан пайдаланып, ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир тоскоолдук жаратам деп коркутуу менен көмүр казуучу ишкананын директорунан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалаган.
Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.