ИИМдин кызматкерлеринин жана чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Түркияда, Италияда жана Арменияда Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
25-июлда адам өлтүрүү үчүн изделип жаткан 1990-жылы туулган жаран Түркиянын аймагында кармалган. 2014-жылдын февраль айында Ош-Бишкек унаа жолунда шериктери менен бирге жаранга карата ок аткан. Ал каза болгон.
Кылмыш болгондон кийин жогоруда кармалган жаран 11 жыл бою чет өлкөдө жашынып жүргөн. Эл аралык тыгыз кызматташтыктын аркасында анын жайгашкан жери аныкталып, камакка алынды.











