21 жаштагы айдоочу 70 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал каза болду

Кечээ, 27-май күнү Чүй облусунда Бишкек-Чалдыбар автожолунда Мерседес-Бенц үлгүсүнүн 2001-жылы туулган айдоочусу аялды сүзүп кеткен. 70 жаштагы жаран алган жаракаттарынан улам кырсык болгон жерден көз жумган.

«Жол кырсыгына көчөдө жарык берүүчү каражаттардын жоктугу себеп болгон. Териштирүү иштери жүрүүдө», — деп билдирет ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан.