21-күн. 4 жаштагы көлгө чөккөн кызды издөөгө 37 куткаруучу тартылды

Бүгүн 37 куткаруучу көлдүн 5 тарабына бөлүнүп, Тору-Айгыр айылында сууга чөгүп кеткен кызды издөө иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
«Бүгүн, 7-август күнү Тору-Айгыр айылына Ысык-Көл райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, Балыкчы аймагына шаардык ӨКБдан 4 куткаруучу, Кочкор райондук 2 ӨКБдан 4 куткаруучу, Нарын райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, КР ӨКМнын суучулдар кызматынан 1, ККББдан 1 кызматекер (дрон менен) жана Тоң райондук ӨКБдан 4 куткаруучу Кажы-Сай -Тосор аймагына, Түп райондук ӨКБдан 5 куткаруучу Пристань Түп аймагына, Жети-Өгүз райондук ӨКБдан 4 куткаруучу Чоң-Жаргылчак -Жеңиш аймагына бөлүнүп, издөө ишин жүргүзүүдө», — деп жазылат маалыматта.