Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну “Таштемир ажы” соода базарынын ичинде орун алган алтын саткан дүкөнүнөн белгисиз адамдар тарабынан жалпы баасы 230 миң сом болгон эки алтын чынжыры уурдалып кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Бул арыз Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмыштын изи сууй электе Ош облусунун Ноокат районунун 34 жаштагы У.Д. (аял киши) аттуу тургуну аныкталып кармалды. Уурдалган буюм өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери уланууда.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук...
Чүй районунун акими кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 16-декабрда УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып...
Бүгүн, 22-декабрь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Төрт-Көл айылындагы бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Буга чейин социалдык тармактарда Мурас-Ордо конушунда 2008-2009-2011-жылы туулган өспүрүмдөр сабалды деген видео тараган. Видеодон өспүрүмдөргө кол көтөрүп, «Бөтөн райондо эмне...