Никеге туруу максатында кызды ала качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-апрелде саат 23:40 чамасында «102» кызматына “кызды уурдап кетишти” деген маалымат түшкөн. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине 1996-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, аны бейтааныш жигит уурдап кеткенин айткан. Арыз ээсинин айтымында, аны Ысык-Көл облусунан Бишкекке алып келген. Аталган кылмышка шектелип 1999-жылы туулган жаран кармалды. Аны Октябрь РИИБге териштирүү үчүн алып кетишкен.










