“250 миң доллар пара талап кылышкан”. Кармалгандар жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Джураев экени айтылууда

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелген 2 активист кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.

Ага ылайык, 8-январда КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу Кыргыз жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң доллар өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан. Анын жыйынтыгында аталган ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушкан. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары пара талап кылып кармалгандар Мелис Аспеков жана Улан Джураев аттуу жарандык активисттер экенин жазышууда. Ал эми жогоруда аты аталгандар бул тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек.