«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип кармалган жарандык активист Улан Жураев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал тергөө менен кызматташуу келишимине кол койгон. Жураев 9-мартка чейин үй камагында болот.
Ал эми ушул эле иште эле шектүү катары кармалган жарандык активист Мелис Аспеков камакта.
Улан Жураев менен Мелис Аспеков акча талап кылууга шектелип, УКМК тарабынан 8-январда кармалган эле.