28 жаштагы келиндин уулу менен Индияда киши колдуу болушу. Элчилик сөөктөрдү жөнөтүү боюнча иш алып барууда
Индияда кыргызстандык 28 жаштагы кош бойлуу келин менен анын бир жашар уулунун каза" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/indiyada-kyrgyzstandyk-kosh-boiluu-ayal-jana-anyn-bir-jashtagy-balasy-kishi-kolduu-boldu/">каза болгондугу тууралуу маалыматты ТИМ тастыктап, каргашалуу окуя боюнча маалымат таратты.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш 21-сентябрга караган түнү маркумдун курбусунун батиринде болгон. "Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда, кылмыштын күбөлөрүнүн чөйрөсү түзүлүп, видео камераларынын жаздыруулары изилденүүдө. Каза болгондордун Индияда жашаган туугандары аларды Кыргызстандын аймагына коюуга макул болушкан. Элчилик жүк-200дү Бишкекке жөнөтүү маселеси менен иштеп жатат. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.