Индияда кыргызстандык 28 жаштагы кош бойлуу келин менен анын бир жашар уулунун каза болгондугу тууралуу маалыматты ТИМ тастыктап, каргашалуу окуя боюнча маалымат таратты.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш 21-сентябрга караган түнү маркумдун курбусунун батиринде болгон. «Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда, кылмыштын күбөлөрүнүн чөйрөсү түзүлүп, видео камераларынын жаздыруулары изилденүүдө. Каза болгондордун Индияда жашаган туугандары аларды Кыргызстандын аймагына коюуга макул болушкан. Элчилик жүк-200дү Бишкекке жөнөтүү маселеси менен иштеп жатат. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.