Бишкекте Хонда Фит унаасы БМВ менен сүзүшүп, унаа андан ары сүрүлүп барып, 5 жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
«Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа Патриса Лумумба көчөсү менен бара жатып, Волкова көчөсүнө жетпей БМВ үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. БМВ үлгүсүндөгү унаа андан ары сүрүлүп барып, 5 жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы учурда унаалар убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда»,— дешти милициядан.
Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК улуттук коопсуздук органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыгына...
Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК...
Өзгөндө аялын сабаган жолдошу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 10-июнда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши...
Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө...
УКМК тарабынан кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу жана документтерди жасалмалоо фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында "Кара риэлторлор" кармалды....